• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Зулушев: 2020-жылы соттолгон 51 КР жараны Кыргызстанга экстрадиция кылынды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. 2020-жылы соттолгон 51 КР жараны Кыргызстанга экстрадиция кылынды. Бул тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин биргелешкен жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымына караганда, бул жарандардын көбү мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген өлкөлөрдөн экстрадицияланган.

«Учурда соттолгон Кыргызстандын жарандарын экстрадициялоо маселеси боюнча БАЭ, Кытай менен ведомстволор аралык келишимдерди түзүү аракети көрүлүүдө», - дейт ал.

Ошондой эле Зулушев маалымдагандай, КР Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, чет жактарда 1 266 адам соттолгон, алардын көбү Россияда - 1 112, Казакстанда - 93, Тажикстанда - 26, Өзбекстанда - 32, Кытайда - 12, Түркияда - 14.

Пикир

Оставить комментарий