• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Зулушев: 2021-жылы республика боюнча 38 миңдей кылмыш катталган

Коом 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. 2021-жылы республика боюнча 37 миң 784 кылмыш катталган. Алардын ичинде 3 822 оор жана өзгөчө оор кылмыштарга кирет. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жасалган кылмыштардын 53 пайызынын бети ачылган.

"88 миң 250 кылмыш ишинин тергөөсү аяктап, 8 684 кылмыш иши соттук кароого жиберилген. 78 миң 911 кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылган. 670 кылмыш иш өндүрүштөн токтотулган. Соттор тарабынан 74 кылмыш иш тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн кайра тергөөгө кайтарылган. Кылмыш иштер боюнча 4 млрд 555 млн сомдон ашык зыян аныкталып, 4 млрд 277 млн сомго жакын зыян өндүрүлүп, 93,8 пайызды түздү", - деди башкы прокурор.

Пикир

Оставить комментарий