• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Зулушев: Админресурсту кыянаттык менен пайдаланган кызмат адамдарына тийиштүү чаралар көрүлөт

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. КР Башкы прокуратурасы тарабынан шайлоону өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн иш-чаралар тийиштүү деңгээлде жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Башкы прокурор бул шайлоонун өзгөчөлүгү президенттик шайлоо менен референдумдун кошо өткөрүлүп жаткандыгында экендигин баса белгилеп, шайлоо учурунда мыйзам бузууларды аныктоо, аларды тез арада чечүү жана шайлоого байланыштуу иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында КР Башкы прокуратурасынын атайын Штабы түзүлүп, жер-жерлерде штабтар уюштурулгандыгын кошумчалады.

Атайын штабдар шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү маалында жарандардын шайлоо укугун, өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга тийиштүү шарттарды көрүүдө мыйзамдардын сакталышын камсыз кылууга милдеттендирилди.

“Прокуратура кызматкерлерине шайлоо учурунда катышуучулардын укуктары бузулса, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланган кызмат адамдары аныкталса, мамлекеттик же муниципалдык органдар тарабынан мыйзамсыз чечимдер кабыл алынган учурлар болсо токтоосуз тийиштүү чараларды көрүү тапшырылды”, - деди Курманкул Зулушев.

Пикир

Оставить комментарий