• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Зулушев: Былтыр мамлекетке дээрлик 700 млн сом келтирилген зыян өндүрүлгөн

Коом 0

Бишкек, 05.02.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2020-жылы прокурорлор тарабынан мамлекеттик органдарга карата 3 миң 71 текшерүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 6 миң 97 мыйзам бузуу аныкталган. Аларды жоюу максатында 293 протез, 1 миң 487 сунуш, 828 талап, 113 эскертүү прокурордук актылар киргизилген.

"Аларды кароонун натыйжасында 1 миң 360 мамлекеттик кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 661 кылмыш иши козголуп, тергөө органдарына өткөрүлүп берилген. Текшерүүлөрдүн натыйжасында мамлекетке 582 млн 132 миң сом келтирилген зыян өндүрүлгөн. Ал эми коррупцияга каршы багытында прокурорлор тарабынан 1 миң 647 текшерүү жүргүзүлүп, 4 миң 103 мыйзам бузуу табылган. Натыйжасында 1 миң 721 мамлекеттик кызматкер тартип жоопкерчилигине тартылган жана 110 млн 754 миң сом зыяндын орду толтурулган", - дейт Зулушев.

Пикир

Оставить комментарий