• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Зулушев КМШга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин отурумуна катышты

Коом 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-сентябрында Нур-Султан шаарында (Казакстан) Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев жетектеген Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын делегациясы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин катышуучу мамлекеттеринин башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин кезектеги 31-отурумунун ишине катышышты. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарада Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башкы прокурорлору дагы болушту.

Күн тартибине ылайык, жыйында КМШга катышуучу мамлекеттердин Башкы прокуратураларынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча координациялоо маселелери каралып, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана кызматташуу багыттары боюнча прокуратура органдарынын аракеттерин күчөтүү каралды.

Отурумдун жыйынтыгы менен башкы прокурорлордун кезектеги Координациялык кеңешинин отурумун 2022-жылы Беларусь Республикасында өткөрүү жөнүндө чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий