• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Зулушев: Коррупцияга аралашкан кызматкерлерден тазаланууга өзгөчө көңүл бурулат

Коом 0

Бишкек, 20.11.21. /Кабар/. Кадрларды тандоодо жана даярдоодо ак ниеттүү кызматкерлерди өстүрүп, ал эми коррупцияга аралашкан кызматкерлерден тазалануу иштерине өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата өлкө башчынын катышуусунда өткөн салтанаттуу иш-чарада КР Башкы прокурору Курманкул Зулушев билдирди.

Ошондой эле ал прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштерди, алдыга коюлган максаттарды белгилеп, аларды ишке ашырууда кызматкерлерге коюлган талаптарга токтолду.

“Сотто айыптоону колдоо - бул тергөөнүн жыйынтыгына баа берүү, ошону менен бирге айыпкердин жана жабырлануучунун укугун коргоо болуп саналгандыктан, бул этап прокурорлордун көңүл борборунда. Прокурор айыптоону колдоонун алдында кылмыш иштин материалдарын терең изилдеп чыгып, соттук териштирүүдөгү жагдайларды эске алуу менен айыптоону колдойт же колдоодон баш тартат. Аталган чечимди кабыл алуунун күзгү сыяктуу эки тарабы болгондуктан, бул чечимдер салмактуу болуп, кылмыш-жаза мыйзамдарынын талаптарына так дал келүүгө тийиш", - деди ал.

Башкы прокурор белгилегендей, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мындан ары дагы санариптештирүү багытында бир жылдын ичинде көптөгөн жумуштар аткарылды.

"Алсак “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасы жаңы мыйзамдарга ылайык кайра иштелип чыгып, республика боюнча укук коргоо органдардын ар бир кызматкерине окутуу өткөрүлдү. Аталган системанын ички модулдары - “Убактылуу кармоочу жай” системасы иштелип чыгып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында пилоттук режимде иштөөдө. Келечекте аталган субмодуль кармалган жарандардын укуктарын сактоого көзөмөлдү онлайн жүргүзүүгө шарт түзөт", деди Зулушев.

Ошондой эле Башкы прокурор белгилегендей, КРнын прокуратура органдарын 2022-2026-жылдарга өнүктүрүү стратегиясы бекитилди. "Мындан тышкары, прокуратура органдарынын символдору-эмблема, формалык кийимдердин сыпатталышы, тармактык буйруктар, ички жоболор жана нускамалар кайрадан иштелип чыгууда.

Кадрларды тандоо жана даярдоо системасында, ак ниеттүү кызматкерлерди өстүрүп, ал эми коррупцияга аралашкан кызматкерлерден тазалануу иштерине өзгөчө көңүл бурулат.

Прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо багытында белгилей кетүүчү чоң жетишкендиктер бар десем жаңылышпайм”, – деди К.Зулушев.

Иш-чаранын соңунда милдеттерин аткарууда айырмаланган кызматкерлер, укук тартибинин сакталышына салым кошкон башка ведомстволордун дагы кызматкерлери Башкы прокурор тарабынан сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий