• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Зулушев: Кылмышты негизсиз создуктуруу - кылмыштардын бетин ыкчам ачууга терс таасирин тийгизүүдө

Коом 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Жаңы кодекстердин талаптарына ылайык, тергөөчү жазык иштерин тергөөгө кетирген убакытка караганда, анын бөгөт коюу чарасын тандоо, атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү, шектүүгө кабарлама берүү сыяктуу аракеттерге көбүрөөк убактысын кетирүүдө. Мындай пикирин Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүнкү өтүп жаткан тегерек столдо билдирди.

Ал, бул аракеттерди ишке ашыруу үчүн тергөөчү адегенде прокурорго, андан кийин тергөө судьясына барып, кезек күтүп, өзүнүн аракеттерин мыйзамдаштырууга милдеттүү болуп жаткандыгын баса белгиледи.

“Мындай процедуралар биринчиден тергөөчүнүн, экинчиден прокурордун, үчүнчүдөн тергөө судьясынын жумуштарын кескин түрдө көбөйттүүдө. Ал эми тергөөнү негизсиз создуктуруу – коомчулуктун нааразычылыгын пайда кылып, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга терс таасирин тийгизип, укук коргоо тутумуна болгон көз караштын бузулушуна алып келүүдө”, - деди Курманкул Зулушев

Пикир

Оставить комментарий