• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Зулушев: Мамлекеттик кызмат адамдары шайлоону өткөрүүдө мыйзамдын талаптарын так аткарууга тийиш

COVID - 19 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-декабрда болуп өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында КР Башкы прокурору Курманкул Зулушев Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы аныкталса маалыматтарды ыкчам алмашуу, тийиштүү чара көрүү үчүн Башкы прокуратуранын Штабы менен байланыш түзүүсү зарыл экендигин билдирди.

Анткени, укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик мекемелердин жетекчилери шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоодо мыйзамдын талаптарын так аткарууга тийиш. Ошондуктан КР Башкы прокуратурасы бүгүнкү күндө Борбордук шайлоо комиссиясы жана башка органдар менен тыгыз иш алып барууда.

"Учурдан пайдаланып, “КР президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамына ылайык, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, мамлекеттик саясий кызмат орундарын ээлеген адамдар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иштери менен алектенишкен уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, 18 жашка толо элек жарандар, чет элдик жарандар жана уюмдар үгүт жүргүзүүгө, үгүт материалдарын чыгарууга жана таркатууга укуксуз экендигин баса белгилейм.

Ошондой эле, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери, кызматчылары же мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жумушчулары тарабынан айрым талапкерлердин кызыкчылыгы үчүн административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга мыйзамда тыюу салынаарын жана жоопкерчиликке тартылаарын билдирем", - деди Башкы прокурор.

"КР Конституциясынын 104-беренесинде жана “КР Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ишине, шайлоону жана референдумду өткөрүү маселелерине, шайлоо процессине прокуратура кызматкерлеринин кийлигишүүсүнө мыйзам жол бербейт", - деди Курманкул Зулушев.

Пикир

Оставить комментарий