• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Зулушев Минскте КМШ өлкөлөрүнүн башкы прокурорлорунун жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-июнда КР Башкы прокурору Курманкул Зулушев жетектеген делегация Минск шаарында (Беларусь) болуп өткөн КМШ өлкөлөрүнүн Башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин (БПКК) 32-чи отурумунун ишине катышты.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш-чарага Азербайжан, Армения, Беларусь, Россиянын, Өзбекстан жана Тажикстандын Башкы прокурорлору катышты.

Күн тартибине ылайык, жыйында КМШга катышуучу мамлекеттердин Башкы прокуратураларынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча координациялоо маселелери каралып, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана кызматташуу багыттары боюнча прокуратура органдарынын аракеттерин күчөтүү жагы каралды.

Башкы прокурор К.Зулушев "Кыргыз Республикасында ишкерлердин укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө" темасында баяндама жасады.

БПККнын төрагасы – Россия Федерациясынын Башкы прокурору Игорь Краснов КР башкы прокурору Зулушевди жана башкармалыктын башчысы А.Акматовду “Мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого кошкон салымы үчүн” медалдар менен сыйлады.

Отурумдун жыйынтыгы менен 2023-жылы Башкы прокурорлордун Координациялык кеңешинин кезектеги отурумун Азербайжан Республикасында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Визиттин алкагында, башкы прокурор Зулушев Беларусь жана Казакстандын башкы прокурорлору менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар өз ара укуктук жардам көрсөтүү жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн адамдарды өткөрүп берүү, тажрыйба алмашууну улантуу жана прокурордук ишмердүүлүктүн ар кайсы багыттары боюнча кадрлардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу иштерин жандандыруу маселелери боюнча эл аралык кызматташууну активдештирүүгө көңүл бурушту.

Пикир

Оставить комментарий