• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Зулушев жетектеген делегация Россия прокуратурасынын 300 жылдык мааракесине катышты

Коом 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын 12-январында башкы прокурор Курманкул Зулушев жетектеген КР Башкы прокуратурасынын делегациясы Россия башкы прокурору И.Красновдун чакыруусу менен Россия прокуратурасынын 300 жылдык мааракесине арналган салтанатуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирет.

Салтанаттуу жыйында Россия Федерациясынын президенти В.Путин куттуктоо сөз сүйлөп, прокуратурасынын кызматкерлерин 300 жылдык маарекеси менен куттуктады.

Аталган иш-чарага 40тан ашуун мамлекеттердин Башкы прокуратураларынын жана Юстиция министрликтеринин өкүлдөрү чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий