• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Зурдинова эмне себептен бир катар вируска каршы дары-дармектер клиникалык протоколго киргизилбегендигин айтып берди

Ден соолук 0

Бишкек, 16.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу, доцент Аида Зурдинова эмне себептен бир катар вируска каршы дары-дармектер клиникалык протоколго киргизилбегендигин айтып берди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө гепарин, клексан, фраксипарин дарылары соцтармакта көп талкуу жаратууда. “Бул дарыларды жарандар дарыгердин көрсөтмөсү менен гана колдонууга тийиш. Ар бир дарынын өзүнүн көрсөтмөсү бар. Биз клиникалык протоколго таблетка түрүндө болгон дарыларды кошуудабыз. Алар ривароксабан, апиксабан дарылары. Бирок аталган дарылар Кыргызстандын аймагында катталган эмес. КМШ жана башка өлкөлөрдө ал дарылар бар. Мындан улам, учурда өкмөт жана Саламаттык сактоо министрлиги ал дарыларды Кыргызстанга алып келүү үчүн аракеттерди көрүүдө”, - дейт ал.

Зурдинова протоколго вируска каршы дарылардын кошулбашы боюнча нааразычылыктар айтылып жатканына токтолду. “Вируска каршы гидроксихлорохин дарысы ВИЧти дарылоого, лопинавир, ритонавир дарыларын алгач Кытай, АКШ жана башка өлкөлөрүндө колдонулуп келген. Бирок апрель айларында бул дарылардын эффективдүүлүгү жок экендиги аныкталган. Ошондой эле жарандар ремдесивир, фавипиравир дарыларын протоколго кошпой жатканыбызды айтууда. Бул дарылар эффектүүлүлүгү боюнча далили жок. Булар изилдөөдө турат. Чет өлкөлөрдө клиникалык изилдөө жүргүзүлүүдө. Андан кийин гана колдонууга болот”, - деди ал.

Зурдинова айрым вируска каршы дары-дармектер адамдын ден соолугуна зыян болгонун белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий