• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

«Звезда» компаниялар тобу» ЖЧКда иштеген Россиядагы КР жарандарына эмгек акы төлөнүп берилди

Коом 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. «Звезда» компаниялар тобу» ЖЧКда иштеген Россиядагы КР жарандарына эмгек акы төлөнүп берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарына (10 адам) эмгек акысын төлөбөй койгон факты боюнча 2021-жылдын 5-августунда консулдук бөлүмдүн кызматкерлери аталган ишканага барып келди.

“Иш берүүчүлөр менен болгон сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бардык 10 мекендешибизге 1 млн 47 миң 625 рубль өлчөмүндө эмгек акы төлөнүп берилди”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, иш-чара Россияда Кыргызстандын жарандарынын эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону уюштуруунун алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий