• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Зыян $3 млн. Каржы пирамидасын түзгөндөргө карата кылмыш иши ачылып, тергелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. КР Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренеси (“Каржы пирамидаларын уюштуруу”) менен козголгон кылмыш иши тергелүүдө.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдиргендей, тергөөнүн жүрүшүндө Украина мамлекетинин жарандары В.К., Е.Т., В.Ж., О.С., М.С. жана Кыргызстандын жарандары А.Ч., Н.И. жана А.Ж. мыйзамсыз материалдык пайда табуу максатын көздөп, каржы пирамидасын түзүшкөндүгү аныкталган.

Алар маркетингдик иш-чараларын бурмалоо жолу менен жүргүзүшүп, жарандар тарабынан салынган акча каражаттар жыл сайын 260% га чейин жогорку үстөк менен кайтарылып берилери тууралуу жалган убадаларды беришип, жарандарды алдоо жолу менен алардын акча каражаттарын чогултушкан.

Натыйжада, алданган жарандардын саны 5 миңден ашып, жалпы келтирилген зыяндын өлчөмү 3 млн АКШ долларын түзгөн.

Тергөөдө көрүлгөн чаралар менен “Г.К.” жана “К.Дж.Г.” жоопкерчилиги чектелген коомунун юристи И.Н.Б. жана кассири Ж.А.Э. аттуу жарандар камакка алынды.

Ал эми, жогоруда аталган шектүүлөр өлкө аймагынан качып кетишкендиги такталды. Ушул себептүү, аларга карата сыртынан айып угузулуп, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып, алар издөөгө алынды.

Жабырлануучулардын саны көп жана келтирилген зыяндын көлөмү ири өлчөмдө болгондуктан аталган кылмыш иши Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий