• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Зыян 5,7 млн сом. Бажычылар жалган декларациялоо фактысын аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. "Түндүк-Чыгыш" бажысынын кызматкерлери жалган декларациялоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кытайдан "Н.О.Л." ЖЧК дарегине Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен байпактар келген. Унааны бажылык текшерүүдө декларацияланбаган товарлар табылган.

Соода-өнөр жай палатасынын экспертинин корутундусуна ылайык, декларацияланбаган товарлардын орточо базар баасы 21 млн 131 миң 84 сомду, мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 5 млн 756 миң 6 сомду түзгөн.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий