• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Зыян 7,6 млн сом. Маевка айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Чүйдүн Аламүдүн районундагы Маевка айыл өкмөтүндө бюджеттик мыйзамдардын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө 2018-2021-жылдар аралыгында аталган айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 7 млн 620 миң 968 сомдук бюджеттик акча каражаттарынын жетишсиздиги аныкталып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) жана 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий