• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Зыян 8,5 млн сомдон ашуун. Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген товар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген жана сатылган спорттук товарларды аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга товарларды мыйзамсыз ташып кирүү фактысы боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарындагы “Г.С.” спорттук дүкөнүнүн дарегине Европа бирлигинин өлкөлөрүнөн товарлардын эскпорттук жеткирүүлөрү боюнча Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан кошумча маалыматтар алынган.

Товар коштоочу документтерди кароодо, өлкө аймагында бул экспорттук декларациялардын негизинде бажылык тариздөө жүргүзүлбөгөндүгү белгиленген.

“Г.С.” спорттук дүкөндөрүнө товарларды сатуучу ТЭИ катышуучуларынын өкүлүнүн айтымында, европалык логистикалык компаниялардын жумушуна болгон кара ниеттүүлүгүнөн жана каталарынан улам товар коштоочу документтерде туура эмес маалыматтар көрсөтүлгөн. Муну менен бирге, экспорттук документтерде көрсөтүлгөн товарлар ташылып келген жана соода түйүндөрүндө мыйзамсыз сатылган.

ЕАЭБдин Бажы кодексинин 56-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Бирликтин бажы чек арасы аркылуу товарларды мыйзамсыз өткөрүүдө бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдет товарларды мыйзамсыз ташыган жактарда пайда болот. Мыйзамсыз алып өтүүгө катышып жаткан жактар, эгерде алар ушундай алып өтүүнүн мыйзамсыздыгы жөнүндө билсе же билүүгө тийиш болсо, ал эми товарларды Бирликтин бажы аймагына ташып келүүдө – ошондой эле мыйзамсыз ташылып келген товарларды менчикке же ээлик кылууга сатып алган жактар, эгерде алар сатып алуу учурунда аларды ташып келүүнүн мыйзамсыздыгы жөнүндө билсе же билүүгө тийиш болсо, бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча товарларды мыйзамсыз алып өткөн жактар менен биргеликте жоопкерчилик тартат.

Жүргүзүлгөн эсептөөлөдүн жыйынтыгында мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 8 млн 598 миң 360 сомду түзгөн.

Чогултулган кошумча материалдар буга чейин козголгон сотко чейинки өндүрүшкө толуктоо үчүн КР ИИМдин тергөө кызматына берилген.

Пикир

Оставить комментарий