• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Зыян дээрлик 1 млн сом. Бажы органына анык эмес маалымат берүү фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Түндүк-Чыгыш бажысынын кызматкерлери тарабынан бажы органына Е.Т.К. ЖЧКдан анык эмес маалыматтарды берүү фактысы аныкталган.

Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, анык эмес маалыматтарды берүүнүн натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 956 миң 640 сомду түзгөн.

Бул факт КР Жоруктар жөнүндө кодексинин 102-2-беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган.

Пикир

Оставить комментарий