• 84.45
  • 88.02
  • 1.37

Зыяндын суммасы 10 млн сомдон ашуун. Бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталды

521 кароо Укук тартиби 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. “Манас” бажысынын контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ЕАЭБдин бажы мыйзамын бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “ЭМА” ААКтын дарегине Кытайдан транзит менен товар – оператордун жабык кабинасы менен аба кемесин тоңуп калууга каршы иштетүү үчүн машина жана АУО (абага учуруу орнотмосу) келген.

Жүк “КММ” ЖАК УСКнын аймагында 2021-жылдын 10-декабрында жайгаштырылган, сактоо мөөнөтү 2022-жылдын 9-февралына чейин коюлган.

Бирок мөөнөтү аяктагандан кийин товарды бажы жол-жоболоштуруу боюнча эч кандай операциялар жүргүзүлгөн эмес. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, мамлекетке келтирилген зыян 10 млн сомдон ашуун сумманы түздү.

Бул факт УБР АМС МЭЖде катталган, материалдар караштуулугу боюнча КР Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий