• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Зыяндын суммасы 13 млн сом. Кенди мыйзамсыз казуу боюнча кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Ош облусунун прокуратурасы тарабынан КРнын “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы боюнча пландык текшерүү уюштурулуп, жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алсак, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Сары-Таш участкасындагы “С.Г.” ЖЧКнсына жана “Б.Т.” ЖЧКсына, ошондой эле “Б.Т.” ЖЧКсына жана “А.Р.” ЖЧКсына сары-таш кенин казып иштетүү максатында берилген жер тилкелердин ортосундагы эч кимдин укугу катталбаган жалпы 0,20 гектар жер аянты казылып, аталган жерден сары-таштын катмарынан көлөмү 2600 куб метрди түзгөн таш кени кыркылып алынган.

Ошентип, таш кени мыйзамсыз кыркылып алынгандыгынын натыйжасында мамлекетке 13 млн. сомдук зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодесинин 218-беренеси (“Мыйзамсыз ишкердик”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий