• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Зыяндын суммасы 17 млн сом. Транспорт министрлигинин аймактык бөлүм башчысы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча КР транспорт жана жол министрлигинин аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

2020-жылдын 16-декабрында УКМК ККК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү рееестрине буга чейин катталган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу жол чарба департаментинин аймактык бөлүмүнүн башчысы "Т.К.А." кармалды.

Такталгандай, кармалган жаран кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, “Нарын” дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу боюнча долбоорду ишке ашырууда мамлекетке 17 млн сомдон ашык суммада зыян келтиргени аныкталды.

Кармалган адам Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий