Өлбөс полк – экинчи айлампа

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын урпактары жана туугандары!

“Кабар” маалымат агенттиги Кыргызстандагы “Өлбөс полк” онлайн жүрүшүнүн экинчи айлампасын даярдоодо. Сиздерди бул долбоорго катышууга чакырабыз.
Согушка катышкан, оорукта эмгектенген туугандарыңыздардын сүрөтүн бизге жөнөтүңүздөр. Сүрөттө алардын аты-жөнү, согушка катышкан жылдары жана кайсы жерде согушта болгону көрсөтүлүшү керек.

Электрондук дарек: kabar.news75@gmail.com
Андан тышкары, Телеграмга: https://t.me/kabarnews75

Онлайн жүрүштүн экинчи толкуну согуш мезгилинде келечек муундар үчүн жаркын келечекти сактап калган баатырлардын элесине арналат.

Сүрөттөрдү 2020-жылдын 30-июнуна чейин жөнөтүңүздөр.