Бишкек, 06.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн учуп кетти.
7-декабрда Мамлекет башчысы Москва шаарына иш сапары менен барып, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин салтанаттуу ачылышына катышат.
Расмий делегация:
-Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;
-КРнын вице-премьер-министри Жеиш Разаков;
-Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев;
-КР экономика министри Олег Панкратов;
-КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров;
-КРнын РФдагы элчиси Болот Отунбаев;
-КР өкмөтүнүн ЕАЭБдеги иштери боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков.
Пикир
Оставить комментарий