• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата онлайн-сынак өткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Кечээ Биринчи май акимиатынын 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата мыкты куттуктоолор үчүн онлайн сынагы башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сынакка Биринчи май районунун тургундары гана үч номинация боюнча катыша алышат:

- 4 жаштан 7 жашка чейинки балдар арасында "Мен келечектеги чемпионмун" темасында мыкты сүрөт;

- 8 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн "Менин спорттук үй-бүлөм" мыкты видеотасма;

- 4 жаштан 17 жашка чейинки курактагы "Мен сергек жашоо үчүн" видеотасма.

Катышуу үчүн WhatsApp: 0551 049 596 дарегиндеги жеке билдирүүлөргө тиркеме катары кабыл алынат, милдеттүү түрдө толук аты-жөнүн, туулган күнүн, байланыш номерин, классын жана мектептин номерин көрсөтүү керек.

Эң көп "лайк" жана "репост" алган катышуучулар жеңүүчү деп эсептелет.

Сынактын шарттарынан өткөн материалдар https://www.facebook.com/praBishkek баракчасында жарыяланат.

Добуш берүү жана анын жыйынтыктары 2021-жылдын 2-июнунда жарыяланат.

Пикир

Оставить комментарий