Бишкек, 09.05.24. /Кабар/. 9-апрелде №1 кесиптик окуу жайында Петровка айылындагы Жаза аткаруу кызматы №3 мекемесинде жаза өтөп жаткан адамдар үчүн маалыматтык ресурс борборунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын колдоосу менен 2023-жылдын августунда Маалыматтык ресурс борбордун имараты оңдолгон. Борбордо китепкана фонду жана компьютерлер менен лекциялык залы бар.
№1 кесиптик окуу жайынын директору Тургунбек Токтосунов айтымында, борбордун колдонуучулары талап кылынган кесиптер боюнча билим алууга мүмкүнчүлүк алышат. Алар үчүн компьютерлерге билим берүү программалары орнотулат.
Пикир
Оставить комментарий