• 87
  • 90.63
  • 0.79

1 млрд долларлык келишимдер жана макулдашуулар - президенттин 2024-жылдагы дипломатиялык иш сапарларынын жыйынтыгы

Саясат 0

Бишкек, 30.12.24. / Кабар/. Жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев мамлекет башчысынын деңгээлиндеги тышкы саясий иш-чаралардын ичинен төмөнкү маанилүүлөрүнө өзгөчө басым жасады.

Мамлекеттик визиттер

• Азербайжан (24-25 – апрель) - эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө биргелешкен декларацияга жана беш жылдык кызматташтык программасына кол коюлду. Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы 100 млн долларга чейин көбөйтүлдү;

• Өзбекстан (18-19 – июль)-Кыргыз-Өзбек бизнес – форумунун алкагында жалпы суммасы 206 млн долларды түзгөн документтерге кол коюлду, алардын 142,6 млн доллары – көмүр экспорттоо, айнек продукциясын өндүрүү, геологиялык чалгындоо жана көмүр кендерин иштетүү боюнча келишимдер, ал эми 64 млн доллары - Айыл чарба продукцияларын, минералдык жер семирткичтерди жана курулуш материалдарын жеткирүү боюнча соода келишимдери.

Расмий визиттер:

• Казакстан (18-19 – апрель) - союздук мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимге кол коюлуп, эки өлкөнүн жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин отуруму өткөрүлдү. Ошондой эле Кыргыз-Казак бизнес-форуму өтүп, анын жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 300 млн доллардан ашык документтерге кол коюлду;

• Италия (3-4-октябрь) - эки өлкөнүн лидерлеринин биргелешкен билдирүүсү кабыл алынып, кыргыз жана италиялык ишкерлердин катышуусу менен бизнес-форум уюштурулду. Андан тышкары, Рим шаарында "Кыргызстан" аталган парктын ачылышы болду;

• Корея (2-4 – декабрь) - ар тараптуу өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө биргелешкен билдирүүгө, ошондой эле ар кандай чөйрөдөгү 500 млн доллардан ашык эки тараптуу документтерге кол коюлду;

• Австрия жана Германия (24-26 – ноябрь) - кыргыз-австрия жана кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Жумушчу сапарлар:

• Россия - көп тармактуу иш-чараларга катышуу менен байланышкан мамлекет башчысынын беш жумушчу сапары ишке ашты;

• Бельгия (24-26 – июнь) - Европа Биримдиги менен кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине кол коюлду;

• Нью-Йорк (21-24 – сентябрь) - БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясына катышуусу. Саммиттин жүрүшүндө Садыр Жапаров алдыдагы Дүйнөлүк банктын эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын фонддорун, ошондой эле башка эл аралык каржы институттарын өнүктүрүү фонддорун толуктоого активдүү катышууга чакырды.

• Азербайжан (11-13-ноябрь) - КОП-29 климаттык конференция дүйнө лидерлеринин саммитине катышуусу. Саммиттин жүрүшүндө президент глобалдык жылуулукка каршы күрөшүү боюнча көз караштарды жана сунуштарды белгилөө менен Кыргызстандын тоого байланыштуу демилгелерин маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий