• 87
  • 90.64
  • 0.85

10 айда Кыргызстанда жол эрежесин бузуудан 525 млн сом өндүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 23.11.24. /Кабар/. Кыргызстанда 10 айда жол эрежелерин бузуудан мамлекеттик бюджетке 525 млн 324 миң 955 сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын 10 айдын жыйынтыгын чыгарган жыйынында белгилүү болду.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жыйын башкармалыктын башчысы Жеңишбек Жоробековдун төрагалыгы астында онлайн форматта өтүп, ага орун басарлары, ошондой эле жер-жерлердеги бөлүм башчылары катышты.

Анда жыл башынан тартып жалпысынан 890 миң 461 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталып, мамлекеттик бюджетке 525 млн 324 миң 955 сом өндүрүлгөнү айтылды. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 80 млн сомго көп.

Алардын ичинен:

  • мас абалында унаа башкарган – 11 миң 265;
  • ылдамдыкты ашырып айдаган – 165 миң 162;
  • терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар – 2948;
  • тийиштүү документтери жок унаа башкарган – 19 миң 396;
  • автоээнбаштык кылган – 444;
  • жол белгилерине баш ийбеген – 428 миң 72;
  • коопсуздук курун тагынбаган – 109 миң 870 айдоочу аныкталган;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 85 миң 400 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Ыкчам кеңешменин жүрүшүндө ЖКККББнын жетекчилиги тарабынан жер-жерлердеги бөлүмдөрдүн жетекчилерине жол-унаа кырсыктарынын алдын алуу багытында тийиштүү тапшырмалар коюлуп, айрыкча жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна көңүл буруу эскертилди.

Ошондой эле кызматкерлерден мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо талабы коюлду.

Пикир

Оставить комментарий