• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

10-августка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 09.08.19. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматынын берген маалыматы боюнча, эртең, 10-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35, Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33 градус.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29, Нарын облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36 градуска жетет.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн 19…21 градус, күндүз 33…35 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий