Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 10-августта Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Пикир
Оставить комментарий