• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

10-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Бугүн, 10-февралда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында күндүз 0…5 градус, Ысык-Көлдө -3…+2, Нарын облусунда күндүз -5…-10 градуска чейин суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы күндүз 3…8 градус жылуу болушу күтүлөт.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз 2…4 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий