10-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 10-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -1…-6, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 0…+5, Нарын облусунда -3…-8 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы -3…-5 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий