Бишкек, 10.01.25. Кабар/. Кыргызгидромет кызматы өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көл облусунда 0...+5, Нарын облусунда -2...-7 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +3...+5 градус болушу күтүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий