Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Ош шаарынын айрым аймактарында 10-июнда жаратылыш газы убактылуу жок болот. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, газ берүү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Ош шаарынын Голосова көчөсүндө токтотулат.
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий