10-июнга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 10-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорго кар жаашы күтүлөт. Ал эми өрөөндөрдө күн ачык болот.

Абанын температурасы Чүй облусунда +29...+34, Талас облусунда +28...+33, Ош, Жалал-Абад облустарында +33...+38, Баткен облусунда +32...+37, Ысык-Көл облусунда +22...+27, Нарын облусунда +21...+26 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +31...+33 градус ысык болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий