10 күндүн ичинде Кыргызстанга 106 вагон казак көмүрү келет – Зилалиев

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.11.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. 10 күндүн ичинде Кыргызстанда 106 вагон казак көмүрү келет. Бул тууралуу парламент жыйынынын жүрүшүндө күз-кышкы мезгилде даярдык көрүү боюнча айтып жатып вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Анын айтымына караганда, өлкөгө казак көмүрү келе баштады.

“Кечээ, өлкөгө 6 вагон казак көмүрү алып келинген. Бүгүн эртең менен – 9 вагон. Жуманын аягына чейин дагы 25 вагон келет деп күтүп жатабыз, бул 100 тонна жана дагы 10 күндүн ичинде 106 вагон келээри күтүлүүдө”,-деди ал.

Зилалиев билдиргендей, бүгүнкү күндө калаадагы ЖЭБде 257 миң тонна көмүр бар, ал 2 айга жетет, ошондой эле 4,8 миң тонна мазут бар.

Эске сала кетсек, болжол менен 15 күн мурда Бишкек ЖЭБна Казакстандан көмүр келүү токтоп калган.

Пикир

Оставить комментарий