• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

11-майдан тартып Бишкектин Медеров көчөсүнүн бир бөлүгү жарым-жартылай жабылды

Коом 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. 11-майдан 23-майга чейин Бишкек шаарынын Медеров көчөсү Элебаев көчөсүнүн чыгыш тарабында унаа кыймылы үчүн жарым-жартылай жабылды. Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти билдирет.

"Бул жерде «АзияСтройКомплекс» ЖЧК подряддык уюму «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин долбооруна, ошондой эле жер жумуштарын жүргүзүүгө берилген ордерге ылайык, жылуулук камерасын куруу менен жылуулук тартат. Буга байланыштуу унаалардын өтүүсү кыйындайт", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун автотранспорт менен жүрүү маршруттарын алдын ала пландап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий