• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

11-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 11.11.24. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы 11-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ош облусунунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облусунунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +6...+11, Талас облусунда +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8...+13, Ысык-Көл облусунда +6...+11, Нарын облусунда +4...+9 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +9...+11 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий