• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

112 ыкчам байланышы боюнча 3 айдын ичинде 600дөн ашык кыргызстандык бекер юридикалык консультация алды

Коом 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. 112 ыкчам байланышынан 2020-жылдын 1-майынан 31-июлуна чейин Кыргызстандын 614 тургуну бекер юридикалык консультацияларды алышкан. Бул тууралуу КРдагы БУУнун Өнүктүрүү Программасы (ПРООН) кабарлайт.

Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча 417 адам, аймактар боюнча – 197 адам. Кайрылгандардын ичинен эркектер – 232, аялдар – 382. Анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 19 жаран консультация алган.

Эӊ көп суроо менен жарандар кайрылган маселелер:

- жарандык укуктук мамилелер боюнча - 66;

-эмгек укуктарын коргоо боюнча - 69;

- үй-бүлөлүк укуктук мамилелер боюнча - 94;

- жазык укуктары боюнча - 48;

- үй-бүлөлүк зомбулук кырдаалы боюнча - 22;

- социалдык коргоо маселелери бьоюнча - 21;

- документтештирүү маселеси боюнча - 32,

- ӨК жана ӨА учурунда пайда болгон дагы башка маселелер боюнча - 231.

Ошондой эле кайрылган айрым жарандарга андан ары да юридикалык жардамдар керек болгон, андыктан 115 адам башка жактарга жиберилген, алардын ичинен мамлекеттин эсебинен квалификациялык юридикалык жардамга 56 адам муктаж болгон. Алар мамлекет тарабынан кепилденген Юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборго жиберилген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2020-жылдын 1-майынан 31-июлуна чейин «Ыкчам байланыш» иштеп келген, анын негизинде «Жаӊы чечимдер» АКсынын юристтери БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен ӨКМдин Бирдиктүү нөөмөттүк-диспетчердик кызматы 112 аркылуу консультацияларды көрсөтүп турган. Колдоо өлкөдө COVID-19 коронавирустук инфекциясынын эпидемиясына байланыштуу киргизилген КРдагы ӨК жана ӨА (карантин) режими иштеп турган учурларда көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий