• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

12-августка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 8-августтан 12-августка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

8-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

9-августта түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-августта күндүз жана 9-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-августта түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 11-августта күндүз жана 12-августта кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-августта күндүз жана 12-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

8-августта жаан-чачын күтүлбөйт. 9-августта түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

10-11-августтарда жаан-чачын күтүлбөйт. 12-августта өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-августта күндүз кээ бир райондордо 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

8-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-августта түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-августта күндүз жана 9-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-августта түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 11-августта күндүз жана 12-августта түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-августта күндүз жана 12-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

8-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-августта күндүз жана 9-августта түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

9-августта күндүз жана 10-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-августта күндүз жана 9-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-августта күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

11-августта түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-августта күндүз жана 12-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-августта күндүз жана 12-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

8-августта жана 9-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-августта күндүз жана 10-августта мезгил-мезгили менен жаан-жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

11-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 11-августта күндүз жана 12-августта мезгил-мезгили менен жаан-жаап, күн куркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-августта күндүз жана 12-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

8-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

9-августта түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-августта күндүз жана 9-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-августта кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

11-августта түнкүсүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

12-августта түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо11-августта күндүз жана 12-августта 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий