Бишкек, 11.12.17. /Кабар/. Эртең, 12-декабрда республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...5;
Таласта облусунда -10...-15, күндүз -3...+2;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7;
Баткен облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 1...6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5;
Нарын облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...-5 градус.
Бишкек 12-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн -8...-10, күндүз 2...4 градус болот.
Пикир
Оставить комментарий