Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 12-июнда саат 10:00дөн 22:00гө чейин Масалив – Айтматов – Садырбаев көчөлөрү менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат.

Бул убакта «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы диаметри 300 мм болгон суу түтүгүн оңдоо иштерин жүргүзөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий