• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

12-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 12-ноябрга карата республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, Чүй облусунун айрым жерлерде жаан жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +5…+10, Талас облусунда +4…+9, Ош, Жалал-Абад облустарында +9…+14 градус болсо, Баткен облусунда +8…+13, Ысык-Көл облусунда +6…+11, Нарын облусунда +4…+9 градус, ал эми Бишкекте +7…+9 жана Ош шаарында +12…+14 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий