• 86.8
  • 91.76
  • 0.8

12-сентябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Эртең, 12-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолорунда жаан жаап, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 19…24, Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 17…22, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25 жана Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы ​түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30 градуска жетет.

​Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 20…22 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий