• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

12 жылдык билим берүүдө 5 баллдык система сакталат – Билим берүү министрлиги

Коом 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө 5 баллдык система сакталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган "Алтын казык" мектеп билим берүү системасын трансформациялоо программасында 5 баллдык баалоо системасы бар.

"Бул программада 10 баллдык система жок. Министрлик Кыргыз билим берүү академиясынын сайтында жарыяланган маалымат айрым эксперттердин жеке пикири экенин жана Билим берүү жана илим министрлигинин расмий позициясын чагылдырбасын баса белгилейт", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, Кыргызстанда 2024-2025-окуу жылынан тартып мектептерде 12 жылдык билим берүү системасын киргизүү каралууда. Быйылкы окуу жылында жалпы даярдык жүрүп, кийинки жылдан тартып, система толугу менен ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий