• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

13-сентябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. Эртең, 13-сентябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаайт, калган аймактарда жамгыр болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26, Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22, Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29 градус болот.

Ал эми борбор калаабыз Бишкек шаарында күн ачык болуп, жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12 градус, күндүз 23…25 градус. болот.

Пикир

Оставить комментарий