• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунда добуш берүү аяктады

Коом 0

Бишкек, 22.09.24. /Кабар/. №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча саат 20:00дө добуш берүү аяктады. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, саясий өнөктүктө 20 миң 266 шайлоочу өз тандоосун жасады.

Белгиленгендей, округда шайлоочулардын саны 124 миң 429ду түзөт, анын ичинен 62 миң 373ү эркектер (50,13%) жана 62 миң 56сы аялдар (49,87%).

Саясий өнөктүктө мандат үчүн 7 талапкер ат салышып, жалпы 81 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрдү.

Пикир

Оставить комментарий