• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

14-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 14-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарда жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда -8…-13, Талас облусунда -6…-11, Ысык-Көл облусунда -1…-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -3…+2, Нарын облусунда -7…-12 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы -8…-10 градус төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий