• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

15-июндан тарта Ахунбаев көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

Коом 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. 15-июндан тарта Ахунбаев көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Ахунбаев көчөсүнүн Малдыбаев жана Тыныстанов көчөлөрү менен чектелген бөлүгүндө жол оңдоо иштери башталат.

Ахунбаев көчөсүнүн Айтматов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгына эки катмар асфальт төшөлүп, жол чийиндери тартылып бүттү. Токтоналиев көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейинки аралыкта асфальттын экинчи катмары басылууда.

Белгилей кетсек, аталган көчөдө жолду капиталдык оңдоонун биринчи этабы 15-июнга чейин аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий