• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

15-октябрда Бишкектин айрым райондорунда суу токтойт

Коом 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. 15-октябрда саат 9:00дөн 23:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

“Бишкексууканал” башкармалыгы билдиргендей, "Западный" суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрдө оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү райондордо жок болот.

Алыкулов көчөсү — Кустанай — Чоң Чүй каналы — Ала-Арча суусу Рыскулов (Дэн Сяопин көчөсү) — Интергельпо — Темир жол линиясы;

(Пригородное айылы) Юбилейная көчөсү — Горький — Садовая көчөсү (Пригородное айылы) — Чоң Чүй каналы;

Аскерлер шаарчасы, Кызыл Аскер, 110-квартал, Достук кичи району.

"Бишкексууканал" башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калк, мекеме, уюмдардан иче турган сууну көбүрөөк камдап алууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий