• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

15-октябрда эл жаңы президентти шайлайт – Атамбаев

Президент 0

Бишкек, 29-май /Салтанат Абдраева – Кабар/. Төрт айдан соң, 15-октябрда кыргыз эли жаңы президентти шайлайт. Бул тууралуу КР Куралдуу күчтөрүнүн 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарада Президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

“Албетте, мен учурда талдап, мамлекет башчы кызматындагы иштеримди жыйынтыктап жатам. Кудайга шүгүр. Акыркы беш-алты жылда Жараткандын күчү менен элди, мамлекетти кыйнаган маселелерди чече алдык. Кыргыз эли өз жолун табып, келечекти карай бара жатат”, - деди А.Атамбаев.

Анын айтымында, бул жылдары өлкө бир топ ийгиликтерге жетишти. Айрымдары тууралуу азыр да айтса болот. Бул, биринчи кезекте өлкөдөгү тынчтык жана туруктуулук. Ошондой эле, ири жетишкендиктердин катарына азыркы армияны киргизүүгө болот.

Мындан тышкары, Президент Башкы штабдын башчысы генерал Дүйшөнбиев учурда Кыргызстандын чыныгы армиясы бар экендигин айтканда, ал чындап кубангандыгын белгиледи. “Мен бул сөздөрдү көптөн бери күтүп келгем”, - деди ал.

Жогорку Кеңеш эки жолку окууда президенттик шайлоо күнүн өзгөртүү каралган мыйзам долбоорун жактырды. Быйыл шайлоо 15-октябрга туш келет.

Пикир

Оставить комментарий