• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Бишкекте “Достук - 2022” республикалык хор сынагы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. 16-17-майда Бишкекте “Достук - 2022” республикалык хор искусство сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сынакты өткөрүүнүн максаты хор ырдоо өнөрүн жайылтуу, коомчулукту хор чыгармачылыгы жана аткаруучулук чеберчилиги менен тааныштыруу.

Ошондой эле алардын репертуарын кеңейтүү, жаңы чыгармачылык байланыштарды түзүү, хорлордун байланышын өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлүүдө:

• катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн хор аткаруу түшүнүүсүн кеңейтүү үчүн ар кандай агымдагы жана стилдеги хорлордун биргелешкен аткаруулары, ар кайсы доордогу музыкаларды ар кайсы тилде аткаруу;

• хор дирижерлорунун профессионалдык баарлашуусу үчүн аянтчаны түзүү;

• чыгармачылык тажрыйба алмашуу жана аткаруучулук чеберчиликти өркүндөтүү үчүн профессионалдык жана ышкыбоздук хорлордун биргелешип чыгуу;

• хор ырдоо жаатында жаңы ысымдардын жана таланттардын алып чыгуу;

• сынактан кийин гастролдук жана концерттик иш-чараларын уюштуруу үчүн музыкалык продюсерлерди жана менеджерлерди тартуу болуп саналат.

Катышуучулар республиканын ар кайсы аймактарынан келген ышкыбоздор жана студенттердин хорлору, курамы боюнча – аралаш, бир тектүү болуп катышат.

Сынактын ачылышы жана тандоо туру 16 -май күнү саат 09:00 К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында башталат.

17-май күнү кечки саат 19:00 Тарых музейинин алдында 12 хор коллективи катышкан концерттик программа жана сыйлык тапшыруу аземи өтөт.

Иш- чаранын алкагында Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын камердик хору жана А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын хору концерттик программа көрсөтөт.

Ошондой эле, 12 хор коллективи биргеликте, С. Юсуповдун “Кыз бала экен жылкычы”, Карл Орфф кантанта Кармина Бурана “Фортуна” жана Н. Давлесовдун “Селкинчек” (коштоо менен) ырын биргеликте аткарышат.

Пикир

Оставить комментарий